“Өзүң оку, мен сага мектеп окуучусу эмесмин”: Мадумаров менен Примов кайым айтышты

Парламентте Жогорку Кеңештин регламенти боюнча талаш-тартыш жаралды. Депутат Адахан Мадумаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы келишимди жараксыз деп табууну талап кылды.

Буга чейин парламентарий келишим тиешелүү комитетте каралбай кабыл алынганына нааразы болгон.

“Кытай менен түзүлгөн келишим мыйзамсыз экенин моюнга алышыңыз керек. Биз аны ушинтип калтырбашыбыз керек. Келишим канчалык жакшы болсо да аны жараксыз деп табуу керек”, – деп ал Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примовдон талап кылды.

Буга Примов Мадумаровдун Конституциялык сотко кайрылууга толук укугу бар деп жооп берди.

“86-беренеде ачык добуш берүү менен болот деп…” – деп макаланы толук келтирбей, Мадумаров “аягына чейин оку” деп талап койгондо, “өзүң оку, мен сага мектеп окуучусу эмесмин” деп жооп берди.

“Акырына чейин окуй албайсың, анткени сеники туура эмес экенин түшүнөсүң”, – деди Мадумаров.

Анда депутат Шайлообек Атазов чырга аралашып, Мадумаровдон эмне үчүн бул келишимге каршы экенин сурады. Мадумаров Кытайга каршы эмес, туура эмес процесске каршымын деп жооп берди.