Төрага Мадумаровго:  Мындай эки жүздүүлүктүн чеги болот

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровдун “Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышууну каалаган эмесмин”, – деген билдирүүсүнө комментарий берди.

“Бизде ушундай демократия. Ар ким оозуна келгенин, каалаганын сүйлөйт. Биздин бир ораторубуз: “Мен бул иш-чарага келбейт болчумун” деп айтты, бирок келди. Мындай эки жүздүүлүктүн чеги болот. Мындай учурларды сөзсүз белгилеп коюшубуз керек. “Мен бул бийликке түкүрдүм” дейт. Өзү бийликтин бир бутагы болгон парламенттин депутаты. Өзүнүн бетине өзү түкүрөт. Биз ачуу менен таттууну ачык айтып коюшубуз керек”, – деп билдирди Шакиев.