Айгүл Жапарова Европадагы иш-чарага катышты, – сүрөт

Президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова Загреб шаарында (Хорватия) өткөн Европа мамлекеттеринин башчыларынын жубайларынын жана жолдошторунун саммитинин ишине жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагында балдардын семирүүсүн алдын алуу Тармагын түзүүгө катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Армениянын премьер-министринин жубайы Анна Акопян, Албаниянын премьер-министринин жубайы Линда Рама, Болгариянын президентинин жубайы Десислава Радева, Венгриянын президентинин жолдошу Иштван Аттила Вереш, Испаниянын ханышасы Летиция, Латвиянын президентинин жубайы Андре Левите, Мальтанын премьер-министринин жубайы Лидия Абела, Түндүк Македониянын президентинин жубайы Элизабета Гёогиевская, Сербиянын президентинин жубайы Тамара Вучич, Словениянын президентинин жолдошу Алеш Мусар катышкан

Германия, Литва, Түндүк Македония, Израиль, Ирландия, Түркия президенттеринин жубайлары да өз өлкөлөрүндө балдардын семирүүсүн алдын алуу темасында саммиттин катышуучуларына видеокайрылуу жасаган.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагында Балдардын семирүүсүн алдын алуу тармагын түзүү максаты колдоого татыктуу экенин айткан.

141135 Айгүл Жапарова Европадагы иш-чарага катышты, - сүрөт
141136 1 Айгүл Жапарова Европадагы иш-чарага катышты, - сүрөт

Жапарова Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөлөрүнө ылайык, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда балдар арасында семирүү маселеси курч экенин билдирди.

«Кыргызстанда балдардын семирүүсүн алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат: алты айдан кем эмес эмчек эмизүү, калк арасында сергек жашоо образын жана туура тамактануу көндүмдөрүн калыптандыруу, башталгыч класстарда жакшыртылган тамактанууну уюштуруу боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруу. Балдардын семиздиги боюнча маселелерди чечүүдө өлкөлөр ортосунда алдыңкы тажрыйбаны алмашуу өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү саммиттин чоң ролу так ушунда камтылган», — деди ал.

Анын айтымында, балдар арасындагы семирүүнүн тез жана кеңири жайылышына туура эмес тамактануу, гаджеттерди ашыкча колдонуу жана аз кыймылдуу жашоо образы өбөлгө түзөт. Ушундай эле абал көптөгөн өлкөлөрдө байкалып, бардыгын бул багытта биргелешип иштөөгө милдеттендирет. Семиз бала ийгиликтүү жана сапаттуу жашоого тоскоол болгон ар кандай ооруларга кабылышы мүмкүн.

«Бул өз кезегинде баланын эле эмес, үй-бүлөнүн, мамлекеттин да чоң көйгөйү. Дени сак бала — ийгиликтүү адам, бактылуу үй-бүлө, күчтүү мамлекет. Ошондуктан, албетте, балдар үчүн ийгиликтүү жана сапаттуу жашоону түзүү үчүн балдардын семирүүсүнүн алдын алуу боюнча сиздер менен биргеликте жүргүзгөн ишибиз өзгөчө мааниге ээ», — деди Айгүл Жапарова.

Биринчи айым бул Саммит балдар арасындагы семирүүнүн алдын алуу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу аянтчасы катары, албетте, оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.

Ал кыргыз элинин «манжа башка – билек бир, жүрөк башка – тилек бир» деген накыл сөзүн келтирип, саммиттин катышуучулары ар кайсы өлкөлөрдөн келгенин, бирок бардыгын абдан маанилүү бир көйгөй бириктирип турганын белгилеген. Бул — балдардын ден соолугу.

«Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагында балдардын семирүүсүн алдын алуу тармагын түзүү боюнча Загреб декларациясынын кабыл алынышын колдойт. Мен эне жана чоң эне катары балдардын ден соолугун чыңдоого багытталган бардык демилгелерди жана иш-чараларды колдойм», — деп Айгүл Жапарова сөзүн жыйынтыктады.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча Загреб декларациясы кабыл алынды.

1850347.01a8e56fb5cb4010a77fccc14d5ad757 Айгүл Жапарова Европадагы иш-чарага катышты, - сүрөт
1850337.739b7c98802b31971c524d8a4552c1c0 Айгүл Жапарова Европадагы иш-чарага катышты, - сүрөт
1850352.fd6fb127660b18b98bfd3d301cd46e84 Айгүл Жапарова Европадагы иш-чарага катышты, - сүрөт
1850332.388404a3fd42cd91644a85adcd90b90f Айгүл Жапарова Европадагы иш-чарага катышты, - сүрөт