Таштанды ташыган унаа өрттөнүп кетти

Таштанды ташыган унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районунда Калык Акиев менен Жоомарт Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды ташуучу унаадан өрт чыккан.

«Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 11:09да 1 бөлүм тартылып, саат 11:52де толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

345873204 1383412702232957 3240360510710211320 n Таштанды ташыган унаа өрттөнүп кетти