ВИДЕО. Адахан Мадумаров: Кеп Конституцияда эмес, коомдо, инсанда жана аны башкарган бийликте

Мындай пикирин бүгүн, 11-майда депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган жыйынында билдирди.

Анын айтымында, дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан өлкөлөр Конституциясы жок эле жашайт. Адам укуктары керемет деңгээлде жеткен, бардык институттар өз укуктарын мыкты билет. 

“Кеп инсанда, кеп Баш мыйзамдагы жазылган эрежелер канчалык деңгээлде сакталып жатканында”, – деди Мадумаров.