Баш мыйзамдын 30 жылдыгына арналган жыйынга мурдагы төрагалар чакырылды

5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 30 жыл толду. 1991-жылы эгемендикке ээ болгондон кийин, 1993-жылдын 5-майында өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынган.

11-майда парламентте Баш мыйзамдын 30 жылдыгына арналган жыйын өтүп жатат.

Ага Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Ишенбай Кадырбеков, Мыктыбек Абдылдаев, Канат Исаевдер чакырылган.

Баш мыйзам 30 жылда бир нече ирет өзгөрүүгө дуушар болду. Өлкөнүн башкы мыйзамы 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы 2006-жылы, соңкусу 2021-жылы өзгөртүлгөн. Референдумга жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруу болушун тандашкан. Конституцияга президент Садыр Жапаров былтыр, 5-майда кол койгон.