Кыргызстанга Япониядан дарт аныктоочу көчмө томографиялык аппарат келди

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

“Буга чейин чоң шаарларда томографиялык аппараттар бар болгону менен алыскы, бийик тоолуу аймактар заманбап дарт аныктоочу аппаратка муктаж болуп келишкен. Андыктан жаңы көчмө томографиялык аппарат Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабировдун биргелешкен аракеттеринин аркасы менен алынды. Япониянын Toshiba компаниясынан чыккан бул аппарат бир жылга акысыз колдонууга берилген», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, учурда бул аппаратты жер-жерлерге жеткирүүнүн чыгымдарын, анда иштеген дарыгерлердин айлык акысын чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

“Алсак, саламаттыкты сактоо багытындагы кызматташтыкты бекемдөө, гранттык негиздеги жардамдарды алуу боюнча көрүлгөн аракеттердин натыйжасы жаман эмес. Жакынкы аралыкта дагы 8 млн долларга гранттык негизде жаңы үлгүдөгү медициналык жабдуулар алынып келери күтүлүүдө», — деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

appa Кыргызстанга Япониядан дарт аныктоочу көчмө томографиялык аппарат келди