Шакиев: “Сөз эркиндигин тыйып, микрофондорду өчүрүп койсок, анда соттолушубуз мүмкүн”

Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөт аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун, депутаттардын, мамлекеттик, коомдук ишмерлердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чара өтүүдө.

Төрага Нурланбек Шакиев парламентте сүйлөп жатып Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгиледи.

“Мындай сөз эркиндиги көп өлкөлөрдө, жада калса кошуна мамлекеттерде жок. Бирок кеп, айтылган сөз үчүн жоопкерчилик алууда болуп жатат. Парламентти да сындап жатышат, депутаттардын арасында бизди айыптагандар бар. Парламентте эркиндик жок, демократия жок дегендерге мен айтат элем: “Алар каалаганын айтышат, каалагандай сындашат”. Сөз эркиндигин тыйып, микрофондорду өчүрүп койсок, анда соттолушубуз мүмкүн. Бизди дайыма сындашат. Бул факт. Бул сөз эркиндиги. Постсоветтик өлкөлөрдө биздегидей эркин парламент жок. Депутаттардын жакшысын да, жаманын да трибунадан айтып жатканы эл үчүн бакыт”, – деди Нурланбек Шакиев.

Ал Конституция элдин 80 пайыз добушу менен кабыл алынганын баса белгиледи.

“Каалайбызбы, каалабайбызбы, биз кабыл алынган Негизги Мыйзамга ылайык жашап жатабыз жана жашай беребиз. Заман өзгөрүүнү талап кылса, анда ошондой болсун”, – деди спикер.