3 адамдын өмүрүн алган кырсыкта күнөөлүү адам кармалды

Сузактагы 3 адам каза болгон жол кырсыгына шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-апрель күнү болжол менен саат 14:50 чамасында Сузак районунун аймагында “Деу-Нексия” жана “Мерседес-Бенц” автоунаалары сүзүшүп жол кырсыгына кабылган. Натыйжада «Деу-Нексия» автоунаасындагы 3 жүргүнчү каза болгон. Ал эми айдоочусу ооруканага жаткырылган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Жол кырсыгына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында “Мерседес-Бенц” автоунаасынын айдоочусу Сузак районунун тургуну 1990-ж.т. Э.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.