Жалал-Абаддагы жол кырсык үч адамдын өмүрүн алды

Daewoo Nexia Жалал-Абаддын Ноокен районунун Кыла айылы аркылуу кесип отуучу жолдун жээгинде токтоп турган оор жук ташуучу Volvo үлгүсүндөгү унаасын артынан келип сүзгөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 28-ноябрь күнү саат 01:00дөр чамасында Daewoo Nexia катуу ылдамдыкта келип Volvo унаасын сүзгөн. Жол кырсыгынан үч адам каза болгон.

Учурда автоунаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, тийиштүү материалдар даярдалды.

Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.