Бишкектеги №33 мектептин мугалиминен кургак учук оорусу аныкталды

Бишкектеги №33 мектептин мугалими кургак учук менен ооруганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунан билдиришкендей, бейтап профилактикалык текшерүү учурунда аныкталган. Ал 14-ноябрда №1 Үй-бүлөлүк борборунуна кайрылып, какырыктын микроскопиясына жиберилген.

Ал эми 15-ноябрь күнү фтизиатрда өпкө кургак учугу диагнозу менен каттоого алынган (дарылоо амбулатордук шартта жүргүзүлөт).

«Бишкек шаарынын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору эпидемиологиялык иликтөө жүргүздү. Мугалимдер медициналык кароодон өтпөстөн (көкүрөк рентгени жок) жумушка алынганы айтылды. Мектепте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, учурда байланышта болгон балдар (163 бала) медициналык кароодон өткөрүлүүдө, Манту сынамасы, мектеп окуучулары жалпы кан жана заара анализин тапшырууда», — деп билдирди министрлик.