Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды

Бишкекте 128 орундуу кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды. Оорукананын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Германия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.

Аталган оорукана Кургак учукка каршы күрөшүү программасынын алкагында, Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражатына курулду. Ооруканынын курулуш иштерине 6,5 млн евро жумшалды.

Аянты 6 миң 590 чарчы метр болгон жаңы адистештирилген мекеме бардык эл аралык стандарттарга жооп берет.

Жаңы имаратта диспансер, клиникалык лаборатория, медициналык визуализация, кургак учуктан тышкаркы бөлүм, реанимация (ЖББ), көп дары-дармектерге туруктуулук бөлүмү жана кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар үчүн бөлүм жана башка бөлүмдөр бар.