Билим берүү министри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Уланбек Мамбетакунов аталган кызматка 2022-жылдын октябрында дайындалган.