Ысык-Көлдө милиционерлер генералдар менен жолугушту

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Генералдар клубунун мүчөлөрүнүн Ысык-Көл облустук милициянын өздүк курамы менен жолугушуусу болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – жүктөлгөн милдеттерди так аткарган, коомчулуктун ыраазычылыгын жараткан, адеп-ахлакты, таалим-тарбияны өзүнө бекем сактап, жогорку моралдык ченемдерди туу туткан кызматкерлерди атуулдук рухунда тарбиялоого багытталды.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, генералдар клубунун төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетовдор катышышты.
Иш-чара легендарлуу генерал Ажыке Кутманалиевдин айкелине гүлчамбарлар коюлуп, элесин эскерүү менен башталды. Андан соң жолугушуу Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүндө уланды.
«Бүгүнкү жолугушууга жогорку офицердик курамдын ички иштер органдарынын ардагерлери, советтик жана постсоветтик мезгилдеги ички иштер органдарынын системасында көптөгөн реформаларды башынан өткөргөн, атактуу генералдарыбыз келип жатышат. Алар, эгемендүү Кыргызстандын жаңы милициясынын түптөлүш башатында турганын айткым келет. Алар бүгүн биз менен өздөрүнүн кесиптик билимдери жана баа жеткис турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр”, – деп белгиледи Адылбек Бийбосунов.
Өз кезегинде жолугушууга келген ардагерлер белгилегендей, эгемендүү мамлекет түптөлө баштаганда, милиция кызматкерлери өтө татаал шарттарда иштөөгө туура келген. Алар кээде электр жарыксыз, техникасыз жана жылуулуксуз иштеп, документтерди машинкаларга кол менен басып чыгарышкан. Бүгүн милиция кызматкерлери бардык зарыл болгон материалдык-техникалык база менен жабдылганын баса белгилешти. «Учурдагы милиция кызматкерлеринин милдети – ар дайым өзүн-өзү өнүктүрүү, чыгармачылык жана спорттук тенденцияларды арттыруу болуп саналат. Ал эми, жаш кызматкерлерге бекитилген наасатчылар жана ардагерлер өздөрүнүн кеңештерин берип, жардам көрсөтүшү керек”, – деп билдирди ардагер Садырбек Дубанаев.
Жолугушууда сөз алган Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеӊешинин төрагасы Жеӊиш Келдибаев болсо, милициянын иши дайыма мыйзамды так сактоо жана билим менен бекемделиши керектигин эскертти. «Сиздер, ички иштер органдарында өсө турган мезгилинин алдында турган жаш кызматкерлерсиздер. Бардык мезгилдерде милиция кызматкеринин негизги кесиптик жана адамдык сапаттары өзгөрүлгүс болуп келген. Алар ак ниеттүүлүк, асылдык, эмгекчилдик», – деп кайрылды ардагер.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Орунбай Кочкоров меймандарды, бүгүнкү милициянын жаш мууну Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жогорку наамын татыктуу алып жүрүүгө бардык күч-аракеттерин жумшарына ишендирип кетти.

WhatsApp Image 2023 02 24 at 15.55.38 Ысык-Көлдө милиционерлер генералдар менен жолугушту
WhatsApp Image 2023 02 24 at 15.55.40 Ысык-Көлдө милиционерлер генералдар менен жолугушту
YouTube video