Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте төрөлгөн үч эмге Садырбек, Камчыбек жана Ынтымак деген ысымдар ыйгарылды.

Ымыркайлардын ата-энеси Садырбек, Камчыбек жана Ынтымак деп ат койгонунун себебин президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөнүн келечеги үчүн ынтымакта иштеп жатышат деп түшүндүрүшкөн. Мындан улам алар наристелерине ушундай ысымдарды ыйгарууну туура көрүшкөн.

Үч эмдин энеси Назира Жакыпова Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынан Бишкекке жиберилип көз жарган.

Үй-бүлөдө мындан башка дагы эки кыз, эки уул бар.