Журналистти сабап, карактап кеткен экинчи шектүү кармалды

SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековдун сабалышына шектүү делген экинчи жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-октябрда Ж.Б. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Ал арызында 26-октябрда саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен белгисиз жарандар күч колдонуп, 10 миң сомдук Samsung Galaxy J2 телефонун жана 3,5 миң сом акчасы бар капчыгын тартып алышканын билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү экинчи киши – 22 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен №1 тергөө абагына 18-декабрга чейин камакка алынган. Учурда тергөө улантылууда.

Эскертке кетсек, буга чейин шектүүлөрдүн бири – 22 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалып, камакка алынган. Ал эми экинчи шектүү изделип жаткан.