Таласта күйөөсүн өлтүргөнгө шектелип аялы кармалды

Фото иллюстративное

Бул тууралуу Талас ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-августта Бакай-Ата РИИБине аталган райондун Түйтө айылынын түндүк-чыгыш тарабындагы сугат суу сактоочу жайдын ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факт Бакай-Ата РИИБинин маалымат-электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөп кеткен. Бул боюнча атайын топ түзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Каза болгон жарандын өздүгү такталып, ал Талас районунун Көк-Ой айлынын тургуну 1969-жылы туулган Ш.М. экендиги аныкталган. Денени сырттан кароо учурунда күч колдонулган белгилери бар экендиги байкалган.

Ыкчам иш алып баруунун натыйжасында кылмышка шектелип Талас районунун тургуну 1981-жылы туулган С.К. кармалып, Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, шектүү маркумдун жубайы болгон. Анын бычактан жаракат алганы жана 10 күн мурун каза болушу мүмкүн экени айтылууда. 

Аялдын бул кадамга баруусунун себебин тергөөнүн жыйынтыгы чыкканда ачыктала турганы айтылды.