Өзбекстан кыргызстандык студенттер үчүн 100 квота бөлүүнү пландоодо

Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынан кийин журналисттерге Өзбекстандын жогорку билим, илим жана инновация министринин биринчи орун басары Комилжон Каримов билдирген.

Анын айтымында, күн тартибинде билим берүү жана илим тармагындагы негизги үч маселе каралган.

– Жогорку окуу жайдын жана ЖОЖдон кийинки билимдин документтерин таануу;

– Өзбекстан тараптан кыргызстандык студенттерге ЖОЖдордо окууга квотанын бөлүнүшү;

“2024-2025-окуу жылына Кыргызстандан келген студенттерге 100 орун берүү маселесин карап жатабыз”, – дейт Каримов.

– Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумун өткөрүү.

Бул форум 2023-жылдын октябрь айында Ош шаарында кыргыз-өзбек Садыков университетинин базасында өткөрүлөт.