Журналист жана медиа-эксперт Дмитрий Ложников: “Пропаганда адамдарга тандоо жасабоого жардам берет”


2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинадагы башталган согуштун айланасында болуп жаткан окуялар карапайым кыргызстандыктардын талашына айланды.
Эксперттер мунун себебин “орусиянын агрессивдүү пропагандасы” деп эсептешет, анын таасири Кыргызстанда абдан күчтүү. Белгилүү кыргыз журналисти жана медиа-эксперт Дмитрий Ложников өз маегинде эмне үчүн бүгүнкү күндө кыргыз элин орус телеканалдары түзмө-түз “зомбилештирип” жатканын жана карапайым кыргызстандыктар эмне үчүн чет элдик согуш талаасында каза болуп жатканын айтып берди.


Кыргызстанда орус пропагандасынын деңгээли кандай?
“IWPR жүргүзгөн изилдөөгө ылайыктуу, кыргызстандыктар россиялык пропагандага катастрофалык түрдө кабылышкан. Пропаганда мурда эле бар болчу, бирок Украинада согуш башталгандан тарта орус пропагандасы ачык эле сезиле башталды.
Буга далил, деталдуу жүргүзүлгөн изилдөөлөр гана эмес. Пропаганда биздин жашообуздун бир бөлүгү болуп калды десем болот. 2022-жылдын 24-февралынан баштап мен мунун баарын өзүмдүн жоон терим менен сездим. Мага окшоп ой жүгүрткөн кыргызстандыктар мени туура түшүнөт. Биздин оюбуз, орус пропагандасы менен эч бир дал келген жок. Биздин жакындарыбыз, досторубуз, мурда биз менен тыгыз байланышта болгон адамдар, тосмонун аркы өйүзүнө өткөнүн сездик. Болгондо да, алардын мээсине пропаганда кандай катуу киргенин көрдүк. Агрессиянын, эмоционалдуулуктун жогорку деңгээлин көрдүк, өзүбүз да ошондой болдук.
Согуш башталганда менин көз алдымда үй-бүлөлөр талкаланганын көрдүм. Жакын достор өз ара урушуп, аталар уулдары менен, кыздары апалар менен таарынышканга чейин барышты. Бул бизге өтө оор болду. Анан мен пропаганданын мээбизге кандай таасир этээрин сездим. Башкача айтканда, буга чейин, биз көп деле пропаганданы сезген эмес экенбиз. Биз буга чейин конкреттүү бир көйгөйгө катуу кабылган эмеспиз”.

Украинадагы окуялар 2014-жылы башталган. 2022-жылдын февраль айынан тарта кыргызстандыктардын жарымы Орусия жарымы Украина тарап болуп экиге бөлүнүп кетти. Эмне үчүн 2022-жылга чейин мындай көрүнүш байкалган эмес?
«Бул окуялар бизден алыс болчу. Бул биздин согуш болгон эмес. Журналистикада да, маалыматты кабыл алууда да ушундай принцип бар, эгер алыс болсо, мынчалык таасир этпейт. Бул нерсе алыста болуп жатат, бизге тиешеси жок деп сезилген. Ал эми 2022-жылдын февраль айында башталган окуя да бизге тиешеси жок болчу, бирок биз мындай коркунучтуу нерсени күткөн эмеспиз. Биз согуш мынчалык денгээлде башталып кетерин күткөн эмеспиз. Башкача айтканда, үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып жаткандай сезим болгон. Ал эми бул сезим менде гана эмес, көптөгөн адамдарда ушундай сезим болгон. Чон согуш азыр башталат деп. Биз азырынча дагы билбейбиз, балким чындыр. Анткени 1939-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда да, көптөр бул согуш алыс жакта болуп жатат деп ойлошкон. Анан көбү эмне болуп жатканын түшүнүшкөн эмес. А балким азыр да эмне болуп жатканын, мунун баары эмнеге алып келерин толук түшүнө элекпиз. Бирок эң негизгиси, азыркы учурда 2014-жылга караганда, биз көп нерселерди жакшы түшүнүп калдык. Эмне үчүн? Ал эмне менен байланыштуу? Чынын айтсам билбейм. Бирок Киевди бомбалай баштаганда, муну эч ким күткөн эмес. Анан дагы толук масштабдуу басып алуу башталганда. Доор өзгөрдү, эми бардык жашоо башкача болот деген сезим пайда болгон. Бирок жашоо чынында өзгөрдү, жашоо башкача болду, заман өзгөрдү. Анткени азыр чындыгында акырына чейин күрөш жүрүп жатат. Бизде, Кыргызстанда “Даканца” деген сөз барго, ошондой эле болуп жатат.

Эмне үчүн кыргызстандыктар орусиялык пропагандага мынчалык катуу кабылып жатышат?

  • «Кыргызстандын телекөрсөтүү тармагын өнүктүрүү үчүн биз көп аракеттерди жасаганбыз. Бирок Кыргызстанда, өлкөнүн бүткүл аймагына орусиялык эки гигант “Биринчи канал” жана “Россия” телеканалы ээн-эркин обого чыгып жаткандыктан, биздин аракеттер натыйжа бербеди. Миллиарддаган долларларды алган эң маанилүү орусиялык эки телеканал. Ал эми бул телеканалдар менен атаандашуунун мааниси жок болчу, бирок биз аракет кылдык. Мен бул тууралуу көпкө айта алам, телевидение тармагында эмнелер жасалды, эмне туура эмес болду, эмнени бул рыноктун оюнчулары эмес, мамлекет, өлкөнүн бийлиги кылышы керек эле, анткени биз өзүбүз, саясий эрксиз, эч нерсе кыла алмак эмес.
    Жыйынтыгында жергиликтүү кыргыз телевидениеси кыскарып, өнүкпөй, азыр өтө алсыз абалда. Мына ушунун фонунда азыр Кыргызстанда орусиялык эки чоң канал иштеп жатат, алар маалыматтык, аналитикалык программаларын мээбизге куюп жатат. Эл ушул эки телеканалды көрүшөт. Башкача айтканда, кыргызстандыктар телеэкрандарда өткөргөн убактысынын жок дегенде жарымын “Биринчи каналды” жана «Россия» телеканалын көрүү үчүн бөлүшөт.
    Анткени, алардын контенти сапаттуу. Мазмун жагынан эмес, форма жагынан алып караганда, кандайдыр бир шоулар бар, Маским Галкин болгон, “Вечерний Ургант” бар эле, өткөндү айтсак, пропагандалык «60 мүнөт», Скабеев жана башкалар. Мына ушунун баарын кыргызстандыктар калтырбай көрөт. Мен өзүм билем, эгер мени жабык бөлмөгө камап салып бул телеканалды көрсөтүшсө. Эки жумадан кийин мээмде кандайдыр бир жылыштар пайда боло баштайт, бир айдан кийин башкача сүйлөп, жарым жылдан кийин бул согушту толук колдомокмун.
    Телевизор адамга, анын аң-сезимине канчалык таасир этээрин түшүнөм. Адам жана анын аң-сезими өз мыйзамдарына баш ийет жана бул пропаганданы жасагандар мээге кандай таасир этүү керектигин жакшы билишет. Кыргызстанда маалымат каражаттарын арасынан ушул эки орусиялык телеканалды көп көрүшүп. Натыйжада биз жашап жаткан коомго ээ болдук. Биз көз карандысыз маалымат каражаттарынын өкүлдөрү онлайн, YouTube, социалдык тармактарда иштеп, социалдык тармактарга биз мүмкүн болушунча пропагандага каршы турууга аракет кылабыз. Биз кээ бир пропагандалык мифтерди, кандайдыр бир үгүт билдирүүлөрүн жокко чыгарууга аракет кылып жатабыз, бирок биздин аракетибиз жетишсиз”.

  • Анда эмне үчүн миллиондогон каражаттарга ээ болгон биздин мамлекеттик телеканалдар орус телеканалдары менен тең тайлаша албайт?
    «Биринчиден, биздин мамлекетин саясатына ылайык бул согушка расмий түрдө бейтараптуулук жарыялаган. Бирок ошол эле кезде, биз Кыргызстанда эмне болуп жатканын көрүп турабыз. Кыргызстанда бул согушка каршы чыккан жана Орусияда экстремист деп саналган орус активисттерин кармап, Орусияга өткөрүп беришет. Кыргызстанда согушка каршы акцияларга жол берилбейт.
    Бир нече жолу аракет болуп, бул аракеттер ишке ашкан жок. Ооба, ал гана эмес. Башка кыйыр белгилеринен Кыргызстанда Россияныкындай “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Чет элдик агенттер жөнүндө” жана башка “Балдарды зыяндуу маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамдарды кабыл алып жатканын көрүп жатабыз.
    Ооба, мунун баары абдан жагымдуу угулат, бирок чындыгында мунун баары сөз эркиндигин басууга багытталган. Бул мыйзамдар балдардын укугун коргобойт, адеп-ахлакты коргобойт, мунун баары ал жакта жок, мунун баары жөн эле жел кабык. Бирок чындыгында бул процесстердин баары, Орусияда мурда болуп өткөн окуяларга абдан окшош. Ал эми натыйжасы биз ошол жерден көргөндөй болот. Башкача айтканда, алар басылышат. Анан табигый түрдө бул мамлекеттик саясат мамлекеттик телеканалдарда айтылып жатат.
    Демек, мамлекеттик телеканалдар бул мифтерди жокко чыгарууга кызыктар эмес. Негизинен мамлекеттик телеканалдар кандайдыр бир стабилдүүлүктү сактоого кызыктар. Бул азыр болуп жаткан нерсе. Мамлекеттик маалымат каражаттары үчүн туруктуулукту бекемдеп, аны сактап калуу маанилүү. Туруксуздук болбошу үчүн, коомдо идеялар, толкундоолор болбошу үчүн. Эч кандай аракеттер, резонанстуу пикирлер болтурбоо үчүн. Алар стабилдүүлүктү сакташ керек”.
    Борбордук Азиянын тургундары Украинадагы согушка катышууда. Бул пропаганданын жыйынтыгыбы же башка себептер барбы?
    “Пропаганда адамдарды тандоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Башкача айтканда, алар үчүн баары эчак эле тандалып бүткөн. Мындай адамдардын ички жан дүйнөсү тар. Башкача айтканда, аны каржы маселеси гана ойлондурат. Моралдык да, этикалык да эмес, бир гана каржылык. Согушка барсамда бирок акча табышым керек, деген гана суроо бар. Ал эми пропаганда өзүн актоого гана жардам берет. Башкача айтканда, мен адилеттүү иш үчүн күрөшөм, ошону менен бирге жакшы акча табам, деген ой гана жашайт.
    Анын көз карашы боюнча, бул адилеттүү иш. Украинада бир гана фашисттер, нацисттер жана башка ушу сыяктуулар жашайт. Ал пропаганда кандай кылат? Ал душмандын образын жаратат. Орус телевидениеси көп жылдар бою украиналыктар бул орустардын душманын деп айтып келген. Жыйынтыгында эмне болду? Орустар зомбилешти. Алардын душманы өз өлкөсүндө экенин ойлошпойт. Мындан улам алар, өз мекенинде жакырчылыкта жашашат. Сөз борбор жөнүндө эмес, аймактар ​​жөнүндө болуп жатат. Ал эми аймактарда мактана турган эч нерсе жок. Эл душманды украин деп ойлойт. Анан биздин кыргызстандык, мен барып акча таап, жакшы иш кылам деп ойлошу мүмкүн. Фашисттерди өлтүрөм деп ойлойт. Башкача айтканда, ал өзүн актап жатат. Бирок эгерде пропаганда иштебесе, келген маалыматтарда ал жердеги адамдар фашист эмес, ошол эле кызыл кандуу, биздей эле көздөрү, чачтары адар адамдар деп жеткиришсе. Алар тынчтыкта ​​жашагысы келет, эч кандай фашизмди каалабайт. Булар өлкөсү өнүгүп жаткан украин эли, алар жөн гана башка жолду тандашкан, алар үчүн европалык баалуулуктар маанилүү, алар жөн гана башка жолду тандашкан деп айтышпайтта. Тескерисинче алардан душман жаратышат. Эгерде согушка аттанган адамдын түшүнүгү болгондо? Ооба, акча табам, бирок ошол эле учурда киши өлтүрөм деп ойломок. Алар өз мекенин коргоп жатышпайбы деп ойломок, барбайт болчу, акча үчүн да барбайт болчу”.