Чүйдө апасы менен сууга агып кеткен наристе 9 күндөн кийин табылды

Чүйдүн Аламүдүн суусуна түшүп кетип, 9 күндөн бери изделип жаткан наристе табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, наристенин сөөгү бүгүн, 27-июлда табылды.

«Наристенин сөөгү болжол менен окуя болгон жерден 20 чакырым алыстыктагы “Таштар-Ата” дачасынын аймагында агып өткөн Аламүдүн суусунан жергиликтүү тургун тарабынан табылып, кабарланган. Куткаруучулар кыздын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп билдиришти. 

Буга чейин, 18-июлда Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда 27 жаштагы келин сууга түшүп кеткен 1 жашар кызын куткарам деп сууга түшкөн. Куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, кичинекей кызын таба албай коюкан.