Таласта жашы жете электер арасында бөөдө кырсыктар алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Талас ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси менен, жашы жете электер арасында бөөдө кырсыкты алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда, – деп билдирди Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас ОИИБдин жана милиция бөлүмдөрүнүн коомдук коопсуздук кызматкерлери, балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жарандардын жана балдардын коопсуздугун камсыздоо багытындагы аба ырайынын жогорку даражасына жеткенине байланыштуу, сууга түшүү мезгилинде жарандарга, жана жашы жете элек өспүрүмдөргө, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

Ошондой эле иш-чараларын жүрүшүндө эс алуучу жайлар суу каналдар, көлмөлөр, агын суулар текшерилип, кооптуу суу жээктерине барбоого чакырды. Суу кырсыгын жана кылмыштулукту болтурбоо боюнча областын бардык милиция бөлүмдөрүнө уланууда.

218f38d2 a80a 4119 88a6 913e168ced6a Таласта жашы жете электер арасында бөөдө кырсыктар алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө
9ac5aba6 9cf7 4865 a529 1f5fd28397bb Таласта жашы жете электер арасында бөөдө кырсыктар алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө
7bacabd7 aaf0 4688 82c0 8aab4cd8efde Таласта жашы жете электер арасында бөөдө кырсыктар алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө
6aa924b2 d784 4087 9246 6d0ed8670470 Таласта жашы жете электер арасында бөөдө кырсыктар алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө