“Ынтымак” командасы 5:1 эсеп менен “Достук” командасын утуп алды

19-мартта “Ак Кула” ипподромунда өткөн Көк бөрү оюнунда Талас облусунан чыккан “Ынтымак” командасы менен Ош облусунан “Достук” командасы беттешти.

Оюн 3 тайм жана 20 мүнөттөн болуп, “Ынтымак” командасы 5:1 эсеп менен “Достук” командасын утуп алды.

Оюнда “Достук” командасынын оюнчусу Манас Ниязов каршылашынын тай казанына салбастан, адашып өзүнүн командасынын тай казанына улакты салып, “Достук” командасына бир упай кошуп берди.

Иш чаранын алып баруучусу Асылбек Өзүбековдун айтымында, Манас Ниязовдун мындай адашуусу элди таң калтырды.

Белгилей кетсек, Манас Ниязов Кыргызстанда эле эмес, коңшу олкөлөргө да таанымал Көк бөрүнүн мыкты оюнчусу.