Салык чек: Таластык үй кожейке KIA Rio унаасын утуп алды

Мамлекеттик салык кызматы 20-октябрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-октябрда өткөн лотереяны ойнотуунун жүрүшүндө баалуу байгелердин 38 ээси аныкталган. Бирок, лотереянын шарттарын бузгандыгы үчүн 4 байге боюнча жыйынтык жокко чыгарылды.

Салык кызматы маалымдагандай, лотереянын экинчи туру, биринчи тур сыяктуу эле, калктын кызыгуусун арттырды. Кыргызстандыктар жеңүүчүлөргө карата социалдык тармактарда: бул бактылуу адамдар кайда жашашат жана эмне менен алектенишет? деген суроолорду беришкен.

Талас облусунда жашаган үй кожойкеси Таңсулуу Асанова эң чоң байге – KIA Rio автоунаасынын ээси болду. Ал маегинде билдиргендей, күйөөсү ал чогулткан чектер ийгилик алып келерине ишенген эмес.

Салык чек: Таластык үй кожейке KIA Rio унаасын утуп алды
Салык чек: Таластык үй кожейке KIA Rio унаасын утуп алды