Октябрь Урмамбетовдун өзбек кесиптештери менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-18-мартта Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Коопсуздук Кеңешинин Аппараты менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ортосунда өз ара консультациялардын экинчи жолугушуусу болуп өткөн.
“Жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту.
Өзбекстандын Ички иштер министрлигинде Октябрь Урмамбетовдун Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министри генерал – лейтенант Пулат Бобожонов менен жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

WhatsApp Image 2023 03 20 at 08.49.55 Октябрь Урмамбетовдун өзбек кесиптештери менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары


Ошондой эле, Октябрь Урмамбетов Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары полковник Шавкат Рахмонов, министрдин орун басары генерал-майор Бекмурод Абдуллаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында милициянын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн жаңы долбоорлорун тааныштырды. Атап айтканда, жаңы техника, авто-моторнспорт, укук бузууларды, кылмыштарды жасоонун алдын алуунун жаңы санариптик технологиялары жана жарандардын коопсуздугун камсыздоону уюштуруу көрсөтүлдү.
Алардын ичинен, долбоорлор: «дүрбөлөң баскычы», «коопсуз махаля», жарандарды (аялдарды жана балдарды) коргоо, конкреттүү аймакта жол кырсыктарын азайтуу, жол эрежесин сактоо шарттарын түзүү, ал эми эреже бузуу учурларында жол эрежесин бузгандардын айдоочуларына таасир этүүнүн, анын ичинде айып пул алуунун натыйжалуу ыкмаларын уюштуруу үчүн аткарылып жаткан иш-чараларды тааныштырды.
Ошондой эле, милиция кызматкерлеринин ишин уюштуруу жана стимулдаштыруу, адам факторун жана коррупцияны жоюу боюнча долбоорлор сунушталды”, – деп айтылат маалыматта.
Ошону менен бирге, өзбек кесиптештер МАИ кызматкерлеринин жаңы кийим формасын көрсөтүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө өзбек тарап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен жаңы долбоорлорду бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди, ал эми аталган долбоорлорду иш жүзүндө көрүү үчүн өзбек тарап кыргыз делегациясын Өзбекстанга чакырды.

WhatsApp Image 2023 03 20 at 08.49.54 Октябрь Урмамбетовдун өзбек кесиптештери менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары
WhatsApp Image 2023 03 20 at 08.49.55 1 Октябрь Урмамбетовдун өзбек кесиптештери менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары