Билим берүү министринин орун басары кызматтан кетти

Надира Жусупбекова Билим берүү жана илим министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган.

Эске салсак, Жусупбекова бул кызматта 2018-жылдын март айынан бери иштеп келген.