Парламент Мадумаровду жоопко тартуу боюнча комиссиянын корутундусун жабык карап жатат

22-июнда ЖК депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү боюнча маселени караган депутаттык комиссия өзүнүн корутундусун кабыл алып, ЖКнын кароосуна алып чыкты.

Бирок, жалпы жыйында бул маселени жабык кароо чечими кабыл алынды.

Эске салсак, 31-майда парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев баш прокурордон Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөнүн билдирген.

Аны карап чыгыш үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Динара Ашимова, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо кирген.