Ысык-Кѳлдө алгачкы электоралдык форум ѳтүүдѳ

2023-жылдын 22-23-июнунда Чолпон-Ата шаарында «ХХI кылымдын шайлоолору: кѳп түрдүүлүк, алдыңкы тажрыйба, актуалдуу маселелер жана ѳнүгүү жолдору» аттуу биринчи Ысык-Кѳл электоралдык форуму ѳтүүдѳ.

image 19 2 Ысык-Кѳлдө алгачкы электоралдык форум ѳтүүдѳ

Электоралдык форумга КМШ, жакынкы жана алыскы 10 чет ѳлкѳлѳрдѳн (Азербайджан, Армения, Казакстан, Россия, Белоруссия, Түркменистан, Өзбекистан, Туркия, Грузия, Монголия) катышуучулар – шайлоо органдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, академиялык жана эксперттик коодоштуктун жетекчилери жана ѳкүлдѳрү чогулушту.

Электоралдык форумга эл аралык уюмдардын – КМШ Аткаруу комитетинин, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын, ТЮРКПА, A-WEB, Бишкек шаарындагы ОБСЕ птрограммалык офисинин, Кыргызстандагы БУУ-аялдар түзүмүнүн, КР шайлоо системасынын эл аралык фондунун ѳкүлдѳрү катышууда.

Ошондой эле иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жарандык коомдун ѳкүлдѳрү, кѳз карандысыз эксперттер катышып жатышат.

Мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын  ѳркүндѳтүүгѳ, шайлоо технологияларын ишке киргизүүгѳ байланышкан маселелердин кеңири багытын талкуулоо жана шайлоо укугу жана процесси чѳйрѳсүндѳ топтолгон тажрыйбаларды алмашуу электоралдык форумдун максаты болуп саналат.

КР БШКнын тѳрагасы Н.К. Шайлдабекова куттуктоо сѳзүндѳ Ысык-Кѳл электоралдык форумунун маанисин жана максатын белгиледи, анткени ар бир  катышуучунун бири биринен  үйрѳнүү, ѳз пикирлерин бѳлүшүү мүкүнчүлүктѳрү бар. Форум «ачык пикир алышуу, талкуулоо жана конструктивдүү ѳз ара аркеттер боюнча, биздин бардык шайлоо органдарынын алдында турган бүгүнкү күндүн чакырыктарын чечүүнүн инновациялык жолддорун табуу үчүн эң сонун аянтча болуп саналат».

Форумдун биринчи күнү тѳмѳндѳгү темалар боюнча үч тегерек стол ѳткѳрүлдү:

  • «Шайлоо укуктарын  жана процессин ѳркүндѳтүү», бул темада улуттук  мыйзамдардын ѳзгѳчѳлүктѳрү козголду, шайлоо укугунун айрым субъекттеринин (аялдардын, МБА, мигранттардын, ЖМК) шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруунун бир катар аспекттери талкууланды.
  • «Аныктыктын жана ачыктыктын технологиялары», бул темада мамлекеттик органдардын, академиялык жана эксперттик коомдоштуктун ѳкүлдѳрү санариптик технологияларды жана шайлоо процесстерин санариптештирүүнүн жана  санариптик билим берүүнүн айрым маселелерин талкуулашты. 
  • «Жаштар жана шайлоо», бул темада жаштардын жана болочок шайлоочулардын укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ катышуучулар шайлоо укугун жана процессин ѳркүндѳтүү чѳйрѳсүндѳ башка ѳлкѳлѳрдүн тажрыйбалары жана табылгалары менен таанышуу мүкүнчүлүгүн алышып, пикир алмашты. 

Электоралдык форумдун экинчи күнүндѳ чет ѳлкѳлѳрдүн БШК тѳрагаларынын жана ѳкүлдѳрүнүн, эл аралык уюмдардын башчыларынын жана ѳкүлдѳрүнүн чыгып сүйлѳѳлѳрү жана докладдары  күтүлүүдѳ.