Таласта бүтүрүү кечесине карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас ОИИБдин жана Талас ШИИБдин кызматкерлери менен биргеликте балдар арасында иш алып барууда. КРнын ИИМдин жана башкармалыктын буйруктарын аткаруу боюнча, жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларын өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында күчөтүлгөн аракеттер көрүлүүдө.

“Облустун аймагында жайгашкан орто мектептерде 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү аттестаттар тапшыруу учурунда коомдук коопсуздукту камсыздашты. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы, жол кырсыктарды жана авто жарыштарды болтурбоо боюнча постторду көбөйтүп, мас абалда унаа айдаган айдоочуларды аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат”, – деп айтылат маалыматта.

Талас шаарында жайгашкан 10дон ашуун кафе ресторандар текшерилип, борбордук сейил бактар жана спорт аянтчалары көзөмөлгө алынды. Ар кандай кылмыштарды жана кырсыктарды болтурбоо максатында областын аймактарында коомдук тартипке өзгөчө көңүл бурулууда.

1ba91e35 3625 4b1d 88e9 e21a4eded6c0 Таласта бүтүрүү кечесине карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
d7c9dd36 6492 41d1 8edf 7e3a1e6c2df6 Таласта бүтүрүү кечесине карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
7370c21b 7084 4e6c b126 c538241839b0 Таласта бүтүрүү кечесине карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
4b6ecc87 9403 4060 ba02 281230b18ffc Таласта бүтүрүү кечесине карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда