Башкы прокуратура депутаттардан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурады

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоокерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча сунушу келип түштү.

Бул тууралуу жыйын учурунда ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев билдирип, комиссия түзүү керектигин билдирди.

Бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, ага ар бир фракциядан жана депутаттык топтон бирден депутат кирди. Жобого ылайык, түзүлгөн комиссия белгиленген мөөнөттүн ичинде ишти тергеп чыкмакчы.