Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев менен Адахан Мадумаров айтыша кетти

“Бул жерде алып баруучулар эмес төрагалар отурат”, – мындай пикирин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаровго айтты.

“Мен “төрагалар” дедим, бирок жыйынды ким алып барып жатат? Силердин кимиңер жетектеп жатасыңар?”, – деди Мадумаров.

“Сиз “алып баруучулар” деп айттыңыз. Убагында сиз да алып баруучу болгонсуз, муну унутпаңыз”, – деди Сыдыгалиев.