Парламент «Элдик курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 10-майдагы жыйынында «Элдик курултай жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоору президенттин демилгеси менен иштелип чыккан.

Долбоорду кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанарбек Акаев 22 берене 15ке кыскартылганын айтты.

Жогорку Кеңеш «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун артка кайтарган. Президент ыйгарым укугун пайдаланып «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлык чыгарган жана курултайды чакырган.