Ошто ичимдиктин айынан эркек киши үй ээсин уруп, балта менен чаап өлтүрдү

Ош шаарында ичимдиктин айынан эркек киши бөтөлкөлөшүн өлтүрүп алган. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, шектүү жаран Ош шаарындагы Земляничная көчөсүндө жашаган 41 жаштагы А.Р. аттуу таанышынын үйүнө конокко келип, спирттик ичимдиктерди ичишкен. Андан соң экөө чырдашып, мушташа кетишкен. Натыйжада конокко келген жаран үй ээсин уруп, балта менен чаап өлтүрүп койгон.

Окуя 6-май күнү түнкү саат 03:00дөр чамаларында болгон.

Шектүү катары Бишкек шаарынын 31 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну кармалды. Ал кылмыш болгон жерден чыгып, автоунааны тосуу үчүн жолдо бара жатканда милиция кызматкерлери тарабынан колго түшкөн.

Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүгө Ош шаардык соту тарабынан 8-май күнү тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо чечими чыгарылды.