Манасбек Сыдыгалиев ЖКККББнын башчысынын орун басары болду

ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары болуп Манасбек Сыдыгалиев дайындалды, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

ЖКККББнын кызматтарын чыңдоо максатында Ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Байыш Ашырбеков ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамына ылайык  запаска (аскердик эсепке коюу менен) бошотулду.

Ал эми, милициянын подполковниги Манасбек Сыдыгалиев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын башчысынын орун басары кызматына дайындалды.

«Жаңы дайындалган жетекчиге жол кырсыктарын алдын алуу, жол кырсыктарынын санын кыскартуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоо  тапшырмалары берилди», — деп айтылат маалыматта.