ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилик курамы өздүк курам арасында адеп-ахлактык өнүгүү боюнча лекцияларды өткөрүүдө

ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилик курамы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында түзүм бөлүмдөрүндө атайын сабактарды өткөрүүдө.

Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Бүгүн, ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук аппаратында өздүк курам үчүн “Манас” эпосу жана анын өзгөчөлүктөрү аталышындагы окуу-лекциясы өткөрүлдү.
Иш-чарага ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов, Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелс Белеков, “Бакдөөлөт” фондунун президенти Мелис Мураталиев жана Күзөт кызматынын өздүк курамы катышты.


Окуу-лекциянын жүрүшүндө “Бакдөөлөт” фондунун президенти Мелис Мураталиев угуучуларга “Манас” эпосунун буга чейин айтылбай келген кызыктуу фактыларды белгилеп, ошондой эле дүйнөлүк чыгармалар боюнча токтолду.
Анын айтымында “Манас” эпосу дүйнөдөгү жападан жалгыз жандуу эпос. “Көлөмү боюнча биринчи орунда турат, 80ге жакын варианты бар. Бир эле окуя ар кандай сүрөттөлүп айтылат”, – дейт М.Мураталиев.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында бул иш-чарадан сырткары, 2023-жылдын 23-майынан 26-майына чейин Күзөт кызматынын Бишкек шаарындагы түзүм бөлүмдөрүндө КРдин ИИМдин Күзөт кызматынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Алмазбек Жумабековдун катышуусунда окуу-лекциясы өткөрүлгөн.

be99b7d8 6cd1 4658 8dec 5ff4425eb3e5 ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилик курамы өздүк курам арасында адеп-ахлактык өнүгүү боюнча лекцияларды өткөрүүдө


Аталган иш-чарага Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү жана “Бакдөөлөт” коомдук фондунун мүчөлөрү келип “Улуттук нарк”, “Адамдын өзгөрүүсү”, “Инсандын келечеги” аталышындагы лекцияларды өтүп, адамдын руханий өнүгүүсү боюнча кеп-кеңештери менен бөлүштү.
Белгилей кетсек, мындай сабактар Күзөт кызматынын бардык түзүм бөлүмдөрүндө өткөрүлүүдө.

fe9d8e7f c6f7 4e7c 9f80 a2d68e8ca553 ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилик курамы өздүк курам арасында адеп-ахлактык өнүгүү боюнча лекцияларды өткөрүүдө