ЖК депутаттыгына талапкерлердин саны 15ке жетти

28-майда өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер Аким Маликов арыз берди.

БШК тараткан маалымат боюнча талапкерлердин саны 15ке жетти.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.