Парламент “Маалыматка жетүү укугу жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда жактырды

Бүгүн, 12-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Маалыматка жетүү укугу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов белгилегендей, мыйзам долбоору ар бир адамдын маалымат алуу эркиндигине, анын ичинен мамлекеттик сектордун субъекттеринин, ушул мыйзамда аныкталган башка маалымат ээлеринин карамагында турган маалыматка жетүү укугун ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Ошондой эле маалыматтын мүмкүн болушунча ачыктыгына, элге жарыяланышына жетишүү үчүн, маалымат ээлеринин жоопкерчилигин жогорулатууга, коррупцияга каршы күрөшүүгө, коомдук-укуктук милдеттерин аткарышына коомчулуктун көзөмөлүн күчөтүүгө багытталган.