Зулушев Оштогу прокурордун унаа токтотуучу жайынан табылган унаа боюнча үн катты

Бишкекте каракталган унаа Ош шаарында прокурордун унаа токтотуучу жайынан табылганы маалымдалды. Мунун канчалык чындыгы бар? Мындай суроону бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев башкы прокурор Курманкул Зулушевге узатты.

Башкы прокурор бул боюнча ички иликтөө иштери башталганын билдирди.

“Азыр ишти ИИМ тергеп жатат, анын жыйынтыгы менен баа берилет. Кызматтык иликтөөдө маалым болгондой, түнкү саат 1-2де Түркиядан досу телефон аркылуу байланышып, унааны үйүнө токтотуп коюуну өтүнгөн экен. Бул боюнча телефондогу далилдер да бар. Ошондуктан ал унааны үйүнө алып келип токтотуп коюптур. Ишке тергөө баа берет. Эгер күнөөсү болсо, ал жазадан кутулбайт”, — деди Зулушев.

1775967.43d28e8bbfacd47909c00804c657c0e9 Зулушев Оштогу прокурордун унаа токтотуучу жайынан табылган унаа боюнча үн катты