Таза иштебеген курулуш компаниялары кара тизмеге киргизилет

Фото иллюстративное

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда таза иштебеген курулуш компаниялары кара тизмеге киргизилерин айтты. 

Анын айтымында, биринчи кезекте курулуш компаниялары тууралуу маалыматты камтыган реестр түзүлөт.

Бул тууралуу Төрөбаев: “Үй алууну каалаган жарандар так маалыматты ошол реестрден ала алат. Кайсы курулуш компания реестрге кирген болсо ал тартиптүү, карызы жок, эч кимди алдаган эмес, сот процесстери жок дегенди түшүндүрөт. Ошондо биз тазаланабыз. Эгер ал реестрге кирбесе, кара тизмеде турат деген сөз. Ал эми котлован казып жатканда эле акчасын алып алгандарды да көзөмөлдөп, тартипке келтиребиз”, – деп билдирди. 

Ошондой эле ал ишти тездетүү үчүн алгач Министрлер кабинети жобо кабыл алып, андан соң мыйзам долбоорун  парламентке алып келишерин белгиледи.