Кемпир-Абад Өзбекстандын аймагына өткөнү чындык

Социалдык тармактарда Кемпир-Абад суу сактагычы  Кыргызстандын картасынан чыгарылып, Өзбекстандын аймагына киргени айтылды. 

%D0%9A%D0%B5%D0%BB%D0%B4%D0%B8%D0%B1%D0%B0%D0%B5%D0%B2 %D0%BF%D0%BE%D1%81%D1%82 Кемпир-Абад Өзбекстандын аймагына өткөнү чындык
%D0%BF%D0%BE%D1%81%D1%82 %D0%A4%D0%91 Кемпир-Абад Өзбекстандын аймагына өткөнү чындык

«Т-Медиа» бул маалыматты текшерди. 

Google Earth тиркемесинде Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстандын аймагында экени көрсөтүлөт. 

%D0%9A%D0%B5%D0%BC%D0%BF%D0%B8%D1%80 %D0%90%D0%B1%D0%B0%D0%B4 Кемпир-Абад Өзбекстандын аймагына өткөнү чындык

OpenStreetMap картасы да ушундай эле маалыматты көрсөттү.

340922864 611971707503713 8674051466744877717 n Кемпир-Абад Өзбекстандын аймагына өткөнү чындык

Басымдуу бөлүгү Кыргызстанда эле

Буга чейин картада суу сактагычтын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын аймагында экени көрсөтүлчү. Алсак, 2022-жылдын 18-ноябрында Kaktus.media басылмасына чыккан макалада Google Earth тиркемеси төмөндөгүдөй маалымат берген:

%D0%9A%D0%B0%D0%BA%D1%82%D1%83%D1%81 Кемпир-Абад Өзбекстандын аймагына өткөнү чындык

Мындан тышкары, 2022-жылдын ноябрь айында Temirov LIVE ютуб-каналы да Кыргызстан менен Өзбекстан алмашмак болгон жерлерди карта аркылуу түшүндүргөн. Журналисттер мамлекеттик, партиялык саясий ишмер Турдакун Усубалиевге шилтеме берип, Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстанга таандык экенин билдиришкен. 

Камалган активисттер

Кемпир-Абад иши боюнча беш айдан ашуун камакта жаткан Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаев, активист Чыңгыз Капаров жана активист Таалайбек Мадеминов Биринчи Май райондук сотунда 12-апрелдеги чечими менен үй камагына чыгышты.

2022-жылдын октябрь айында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыр октябрь айында Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камакка алынган.

Жыйынтык: Кемпир-Абад суу сактагычы карталарда Өзбекстандын аймагында жайгашып калганы чын. 

Булак: Т-media.kg.