Сүлүктүдө “Издөө” иш-чарасынын алкагында уурулуктун бети ачылды

Бул тууралуу облустук милиция билдирди. Маалыматка караганда, Сүлүктү шаарынын тургуну 2023-жылдын 12-апрель күнү белгисиз жарандар тарабынан анын жашаган үйүндө турган темир сейфтин ичинен 80400 (сексен миң төрт жүз) сомун жана 400 АКШ долларын уурдалгандыгын билдирип, милицияга арыз менен кайрылган. Бул факты Сүлүктү ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Сүлүктү шаарынын аймагында 2023-жылдын 12-13-апрель күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан “Издөө” иш-чарасы өткөрүлүп, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары Сүлүктү шаарынын 16 жаштагы тургуну аныкталып, Раззаков шаарынан кармалып, ал жашырып койгон жеринен 59 миң сомду далил катары алып берип, социалдык кызматкерлердин катышуусунда тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.