Ысык-Көлдө унаа оодарылып, айдоочу каза болду

Ысык-Көл облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды.

Учурда белгилүү болгондой, 9-декабрда саат 08:50 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунда «Хонда CRV» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1988-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну Т.А.С., рулду башкара албай калгандыктан, унаа оодарылып кеткен.

Кырсык жолдун Сары-Камыш жана Кызыл-Орук конуштарынын ортосундагы тилкеде болгон. Айдоочу Т.А. окуя болгон жерде каза болгон.

Жүргүнчүлөр Балыкчы шаарынын тургуну К.Ж., 2000-жылы туулган – Чүй областынын Жаңы-Жер жаңы конушунун тургуну Ж. А.1988-жылы туулган жана Балыкчы шаарынын тургуну А.К., 1991-жылы туулган, аймактык ооруканага жеткирилген.