Нарындын милиционерлерине электрондук документ жүгүртүү боюнча семинар өтүлдү

Нарын ОИИБи: Нарын ОИИБдин шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлелерине электрондук документ жүгүртүү боюнча семинар өтүлдү.

WhatsApp Image 2022 11 16 at 11.24.39 Нарындын милиционерлерине электрондук документ жүгүртүү боюнча семинар өтүлдү

Бүгүн, 16-ноябрь күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин катчылыгынын жана маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “Электрондук документтер жана кагаз түрүндөгү документтерди электрондук көчүрмөлөрү менен иштөөнүн натыйжалуулугун жана ыкчамдуулугун жогорулатуу, системалаштыруу, документтерди жүгүртүүнүн сапатын жогорулатуу”- боюнча семинар өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, электрондук документке өтүү маселеси Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы 2022-жылдын апрель айында кеңсе кагаздарын кыскартып, электрондук документтке өтүүнү тапшырган.

WhatsApp Image 2022 11 16 at 11.23.36 Нарындын милиционерлерине электрондук документ жүгүртүү боюнча семинар өтүлдү

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы