Он жылдан бери акчасын бербей жүргөн алдамчы кармалды

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

       Үстүбүздөгү жылдын 14-апрель күнү Жети-Өгүз РИИБне 1964 ж.т. Каракол шаарынын К. Б. аттуу жараны арыз менен  кайрылып, 2012-жылдын февраль айында Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылынын  1987 ж.т. К.У.аттуу тургуну ишенчине кирип, Бишкек шаарындагы үйүнүн документин, 4000 АКШ доллар жана 235 миң сом акча каражатын  алып, 10-жылдан бери бербей келгенин билдирген. Ошондой эле, арыз ээси алышып-беришүү процесси Ак-Суу районуна карштуу Теплоключенко айылында болгондугун кошумчалаган. 

Арыз Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, окуя Ак-Суу районуну Теплоключенко айылында орун алгандыктан, арызды текшерүү Ак-Суу РИИБне  өткөрүлүп берилип, КЖКнын 209 (алдамчылык) берененсинин негизинде кылмыш иши козгологон.

      Тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү аныкталып, аны  25-октябрь күнү Манас аэропортунан башка өлкөгө кетип бара жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Шектүү, алгачкы суракта күнөөсүн толук моюнуна алган.  Ак-Суу райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата, 2-айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Тергөө амалдары уланууда.