Сот Орозайым Нарматованы камакта калтырды

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун арызы каралып, Нарматова камакта калтырылды. 

Шаардык сот, буга чейин Биринчи май райондук соту чыгарган Нарматованы 26-декабрга чейин камакка алуу тууралуу чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Ал «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» шектелип кармалган.

Эскерте кетсек, Орозайым Нарматованын Москвада кармалганы тууралуу 27-октябрда кабарланган, ал эми 28-октябрда ал Кыргызстанга алынып келген. Нарматова Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитетинин мүчөсү болгон. Аны менен бирге Кыргызстанга Москвада кармалган активист Илгиз Шаменов алынып келген.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн.