Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча семинар өттү

Бишкекте ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча семинар өттү, – деп билдиришти ИИМден.

Маалыматка караганда, 11-июлда генерал-майор Ж.Шабиров атындагы ИИМдин Республикалык окуу борборунун базасында Гуманитардык диалог Борборунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер кызматкерлери үчүн уюштурулган семинар жыйынтыкталды.


Эки күндүк семинарга ИИМдин басма сөз кызматынын, Коомдук коопсуздук кызматынын, Атайын багыттагы полктун, Академиянын жана ИИМдин Республикалык окуу борборунун кызматкерлери, ошондой эле милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана тергөөчүлөр катышты.


Семинардын тренерлери Элчи Мартин Сайдик мырза, Гуманитардык диалог борборунун социалдык тармактар жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча ортомчулук бөлүмүнүн жетекчиси Мод Моррисон жана борбордун Кеңешчиси Ирена Гризел болушту.
Сабактардын темалары медиациянын ар кандай аспектилерин камтыды, анын негизги максаттары медиация жана чыр-чатактарды чечүүнүн башка механизмдеринен айырмачылыктары, медиациянын негизги принциптерин жана этаптарын ачуу, медиация жана сүйлөшүүлөргө байланыштуу негизги көндүмдөрдү иштеп чыгуу ж. б.
Семинардын жүрүшүндө бардык катышуучулар суроолорду активдүү беришип, дискуссияга катышышты.
Жыйынтыгында катышуучуларга семинарга катышкандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды.

ca4e59c7 d74c 48c0 a83b aea49c3cdf70 Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча семинар өттү
61e966d1 66c7 4a3c 8757 0ac64efa4d56 Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча семинар өттү
2c6d1c3c 57cc 4393 8c7e 58f3ca3340ab Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча семинар өттү
0c0fb3aa 8b34 49e0 b87f b46cad001fef Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча семинар өттү