“Азаттык Медиа” басылмасына карата бардык соттук териштирүү токтотулду

КР Маданият министрлиги менен “Азаттык медиасынын” ортосундагы соттук териштирүү токтотулду.

Бүгүн, 12-июлда Бишкек шаардык соту Маданият министрлиги менен “Азаттык медиасынын” ортосундагы жарашуу келишимин жактырып, Ленин райондук сотунун 2023-жылдын 27-апрелиндеги “Азаттык медианы” ЖМК катары жабуу боюнча чечимин жокко чыгарып, ишти кароону токтотту.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун медиа корпорациясынын веб-сайттарындагы жалпы контентти сактоо протоколдорунун өзгөргөндүгүнө байланыштуу, мазмун түбөлүккө сакталбайт. Ошондуктан талашка түшкөн видео «Азаттыктын» сайттарында жеткиликтүү болбой калды. Жарашуу келишимин бекитүү боюнча соттун чечимин эске алуу менен Маданият жана маалымат министрлиги КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине “Азаттык” сайтынын ишин кайра жандандыруу зарылдыгы тууралуу кат жөнөтөт”, – деп түшүндүрдү “Азаттык”.

Маалыматты Маданият министрлиги тастыктады.

«Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана «Азаттык» медиа институту бардык соттук териштирүүнү токтотту, мыйзамда белгиленген тартипте «Азаттык» медиасына коюлган чектөөлөр алынат», — деп айтылат Маданият министрлигинин социалдык тармактагы билдирүүсүндө.

Эске салсак, былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеген.