Мирлан Жакыпов энергетика министринин орун басары болду

Жакыпов Мирлан Мустафаевич энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрдин жаңы орун басары буга чейин “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору болгон.

Мирлан Жакыпов 52 жашта. Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.