Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Кыргызстанда 16-ноябрдан 17-ноябрына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 5-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сакташы зарыл.