Франциялык инвесторлор Асман экологиялык таза шаарын курууга 20 млрд доллар берүүгө даяр

Бул тууралуу Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы Руслан Акматалиев «Азаттыкка» курган маегинде айтты.

«Биз азыр француз инвесторлору Ысык-Көлгө келип шаар курат деген жер менен таанышып жатабыз. Франциядан “Финантреп Аспир”, “Меркюро” жана “МЕДЕФ” компаниясынын өкүлдөрү келди. Биз алар менен Асман шаарын куруунун алгачкы этабына беш миллиард долларлык келишимге койдук. Алар жалпысынан 20 миллиард доллар бөлүп берүүгө даяр», — деди ал, инвесторлор курулуш жүрө турган жер тилкеси менен таанышып чыкканын кошумчалап.

Акматалиев «Асман» долбоорун ишке ашыруу үчүн башка, жергиликтүү инвесторлор дагы караштырылып жатканын, бирок кимдер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан жок.

Акматалиевдин айтымында, инвесторлор менен кошо Кыргызстанга шаар куруу боюнча франциялык адис Бруно Карлье да келген.

«Ал бизге «бардык шаарлар жогору карай өсүп жатат, андай бийик имараттары бар шаарда жашоо ыңгайлуу эмес, адамды муунтуп койгондой сезилет» деди. Ошондуктан жашаган үйлөрдү 3-4 кабат кылып, соода борборлорун бийигирээк кылса болоорун сунуштады. Азыр эл деле асфальттан чарчады. Экологиялык таза шаар», — деп айтып берди Акматалиев.

Мамдирекциянын башчысы шаардын планын иштеп чыгууга француз адистерине кыргыз архитекторлору дагы кошуларын маалымдады.