Тарыхый объектилерге кирген Илья Терентьевдин үйүн оңдоо иштери башталды

Бишкек шаарындагы тарыхый объектилердин бири болгон Илья Терентьевдин үйүн оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Илья Терентьевдин үйүнүн жанында “Дордой” ассоциациясынын спорт комплекси жайгашкан. Ал турак жай XIX-XX кылымдагы Бишкек шаарындагы маанилүү жана тарыхый объектилердин бири болуп саналат. Тарыхый-маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизилген.

«Учурда кылдаттык менен үйдү оңдоо иштерине даярдык көрүлүп жатат. Буга чейин, ушул жылдын башында Азамат Жаманкулов,“Кыргызреставрация” илимий-долбоорлоо институтунун жетекчиси Жумамедель Жумабаев, “Дордой” ассоциациясынын өкүлдөрү жана башка тиешелүү адистердин катышуусунда жыйын өтүп, Бишкектеги маанилүү тарыхый объектилеринин бири болуп саналган Илья Терентьевдин үйүн калыбына келтирүү боюнча оңдоо иштерин баштоо колго алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Терентьевдин үйүн оңдоп-түзөөгө 11 млн. сом каражат керектелип, курулушун “Дордой” ассоциациясы үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында бүткөрүүнү пландап жатканы айтылган. Терентьевдин үйүн оңдоо демилгеси буга чейин да бир нече ирет көтөрүлгөнү менен ишке ашкан эмес.

Илья Терентьев 1848-жылы Ижевскиде устанын үй-бүлөсүндө туулган. 19-кылымдын аягында үй-бүлөсү менен бирге Пишпекке (азыркы Бишкек) көчүп келген. 1895-жылы Терентьев Пишпек шаарынын биринчи старостасы болуп шайланган. Анын ишмердүүлүгү учурунда биринчи оорукана, дарыкана, китепкана, бир нече мектептер жана гимназиялар, жеке темир устаканалар, наабайканалар, соода дүкөндөрү ачылган.